Казакстандын Президенти ахалтекин кулундарына ысым койду

Казакстандын Президенти ахалтекин кулундарына ысым койду

Президенттин Иш башкармалыгынын ат сарайында жаңы толуктоо болду. Мында эки ахалтекин кулуну туулду. Аларга ысымдарды Мамлекет башчысы өзү койду. Атактуу тукумдун өкүлдөрү Акниет жана Бөрте деп аталды. Президент өзүнүн Инстаграмдагы расмий баракчасында асыл тукум күлүктөрдү көрүү үчүн атайын келгенин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев «Эр жетилип, баш болор, тай жетилип, ат болор», тагыраагы «Бала чоңойгондо эр-азамат болот, кулун өскөндө күлүк болот» деген элдик акылмандыкты мисал келтирди. Президент кулундардын күчтүү жана күлүк болуп өсүп жетилишин каалады.


Которгон: Илгиз Жамалбеков