Ыктыярчылар 1713 тонна гумжардам чогултту

Ыктыярчылар 1713 тонна гумжардам чогултту

Ыктыярчылар суу каптоодон жабыркагандарга 1700 тоннадан ашык гуманитардык жардам чогултту. Өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлигинин маалыматы боюнча, жүктүн басымдуу бөлүгү суу каптаган аймактарга жеткирилди. Бүгүнкү күндө суу ташкынына каршы күрөшүү үчүн 29 миңден ашык ыктыярчы тартылган. Алар тургундарды коопсуз жайга көчүрүп, эвакуациялоого катышып,  гуманитардык жардамды чогултууга жана сорттоого, маалымат таратууга көмөктөшүүдө. Ыктыярчылар Актөбе, Костанай, Батыш Казакстан, Акмола, Атырау, Абай облустарында жардам колун сунуп, ишин улантууда. Белгилей кетсек, өлкөдө гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн 20 ыктыярдуу фронт-кеңсе түзүлдү.

 

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков