Казакстандын жаңы Баш мыйзамынын долбоорунун негизги жоболорун Конституциялык комиссиянын 7-отурумунда Мамлекеттик кеңешчи түшүндүрүп берди. Ерлан Карин жаңы преамбулада мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жөнүндөгү жобо так бекитилгенин белгиледи. Анын айтымында, эгемендүүлүктү жана көз карандысыздыкты сактоо, чыңдоо жаңы Конституциянын бузулбас принциптери болуп саналат.
Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:
- Өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү эч качан бузулбайт жана
эч качан өзгөрбөйт. Муну кайталай берүү керек, анткени айрым жарандар өлкөнүн
административдик-аймактык бүтүндүгү өзгөрүшү мүмкүн деген пикирлерин билдирип
жатышат, бул чындыгында жалган маалымат жана манипуляция. Жаңы Конституцияда
азыркы учурда да, келечекте да ушундай аракеттерге бекем укуктук тоскоолдуктар
белгиленген. Мисалы, преамбулада мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги жана
өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жөнүндө жобо так бекитилген.
Ошондой эле, Мамлекеттик кеңешчи Конституцияга киргизилип
жаткан өзгөртүүлөр азыркы реалдуулукка ылайыкташтырууга багытталганын
белгиледи. Сунушталып жаткан документтин азыркы Башкы мыйзамдан принципиалдуу
айырмасы - адамдын укуктары жана эркиндиктери биринчи планга коюлган. Ал эми
Конституциянын жаңы долбоорунун негизги идеяларынын бири - мамлекеттин адамга
багытталышы. Мындан тышкары, анда сөз эркиндигине чектөөлөр жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

