К.Токаев дүйнөлүк допингге каршы агенттиктин президентин кабыл алды

К.Токаев дүйнөлүк допингге каршы агенттиктин президентин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиктин президенти Витольд Баньканы кабыл алды. Тараптар Казакстан менен Уюмдун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана системалуу түрдө тартип бузуучулар менен күрөшүү, таза спорттун бирдиктүү стандарттарын колдоо боюнча пикир алмашты. Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин алдында допингге каршы талдамалар лабораториясы иштейт. Бул – Борбордук Азиядагы ушул түрдөгү жалгыз мекеме. Лабораториянын базасында Региондук допингге каршы уюм кызмат кылат. Анын курамына республикадан тышкары 7 өлкө кирет. WADAнын президенти өлкөнүн спорт структуралары менен ыкмалдаштык деңгээли жогору экенин белгиледи. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев Витольд Баньканы Казакстан спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков