Айыл чарба министрлиги кант тармагын өнүктүрөт

Айыл чарба министрлиги кант тармагын өнүктүрөт

Казакстан кант рыногун жигердүү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Айыл чарба министрлиги тармакты 2028-жылга чейин өнүктүрүүгө арналган комплекстүү планын сунуштады. Ал убакытка чейин бардык компоненттүү чийки заттардын 80% ата мекендик өнүмдөн турууга тийиш. Бул максатка жетүү үчүн мекеме өндүрүш ишканаларынынтехникалык жаңылануусуна инвестиция тартуу, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу сугат жерлердин сапатын арттырууну сунуштады. Мындан тышкары, ата мекендик чарбаларга мамлекеттик колдоо дагы күчөйт. Анын ичинде жазгы талаа иштерине жеңилдетилген насыя берүү жана дан, жер семирткич, өсүмдүктөрдү коргоочу дары-дармектер жана сугат чыгымдарын өтөө үчүн субсидия берүү каралат. Айыл чарба министрлиги белгилегендей, бул планды каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен да, башка кирешелердин эсебинен да жүргүзүлөт. Учурда иштеп жаткан кант заводдорун жаңыртып, жаңысын салууга жеке каражат тартуу үчүн чарба кожолуктарынын тарткан чыгымдарынын бир бөлүгүн төлөө мүмкүн.

Мекеме өкүлдөрүнүн айтымында, кант өндүрүү тармагын өнүктүрүүнүн алдыңкы 2026-жылга чейинки комплекстүү планы, өткөн 2023-жылы өлкөдө бул өсүмдүктүн өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков