Казакстанда АЭСти курууда эң мыкты дүйнөлүк технологиялар колдонулушу керек

Казакстанда АЭСти курууда эң мыкты дүйнөлүк технологиялар колдонулушу керек

Казакстанда АЭСти курууда эң мыкты дүйнөлүк технологиялар колдонулушу керек. Бул үчүн 5 өлкөдөн кем эмес консорциум долбоор кура алат. Мындай божомолду өкмөттөгү брифингдин жүрүшүндө Премьер-министрдин биринчи орун басары билдирди. Роман Скляр атомдук станция бир катар объектилерден турат, ошондуктан курулуш кылдат даярдыкты талап кылат деп белгиледи. Мисалы, дүйнөлүк практикада долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга бир жарым жылга чейин убакыт кетет. Жалпысынан, деталдары жөнүндө сүйлөшүү эрте, деп баса белгиледи Роман Скляр.

Роман Скляр, Премьер-Министрдин биринчи орун басары:

– Бул станцияны курууга ар кандай компаниялар тартылышы мүмкүн. Дүйнөдө мындай тажрыйбалар натыйжалуу ишке ашырылган мисалдар бар. Башкача айтканда, өзөктүк аралды бир өлкө, турбинаны экинчи өлкө курушу мүмкүн. Бул үчүн зарыл болгон өткөргүчтү же шаймандарды курууга таптакыр башка мамлекеттин адистери тартылышы ыктымал. Мындай комплекстүү иш жакшы натыйжаларды берет. Ар бир иштин өзүнүн адиси бар. Ошондуктан, эч бир өнүм жеткирүүчү да, подрядчыга да басым жасалбайт. Бул үчүн биз натыйжалуу иштей турган консорциум түзүшүбүз керек. Бул убакыттын талабы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков