Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаров эки өлкө өнөрпоздорунун гала-концертине күбө болду. Эске сала кетсек, Кыргызстандын президенти Казакстанга расмий иш сапары менен келген. Концертте «Астана Опера» артисттери, «Гүлдер», «Астана сазы» жана кыргыз элинин «Аркасыры» ансамблдери сыяктуу эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттары өнөрлөрүн тартуулашты. Программанын алкагында «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, эки элге таанымал ыр-күүлөр аткарылды. Мындан тышкары, Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү жана интеллигенция өкүлдөрү да концертке күбө болушту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков