Казакстандын
президенти «Борбор Азия-АКШ» саммитине катышты. Касым-Жомарт Токаев С5+1
форматындагы жолугушуу аймак өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы кызматташтыктын
жаңы этабына жол ачканын белгиледи. Мамлекет башчысы президент Дональд Трамптын
эл аралык саясаттагы ролун баса белгилеп, аны көрүнүктүү мамлекеттик ишмер
катары сыпаттады.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Сиздин жетекчилигиңиз
астында Америка алтын доорго кадам таштады. Биз сиздин «Американы кайрадан улуу
кылуу» деген көрөгөч көз карашыңызды жогору баалайбыз. Бул максат «Мыйзам жана
тартип» принциптерине негизделген адилеттүү, күчтүү Казакстанды куруу боюнча
кеңири стратегиябызга дал келет. Тынчтыкты орнотуучу катары сиз сегиз айдын
ичинде сегиз согушту токтотууга жардам бердиңиз. Муну менен сиз Американын эл
аралык туруктуулуктун тиреги катары ролун бир топ бекемдедиңиз.
Президент
Казакстандын АКШ менен стратегиялык өнөктөштүгүн андан ары чыңдоо ниетин
ырастады. Касым-Жомарт Токаев америкалык компанияларды өлкөдө инвесторлор үчүн
түзүлгөн жагымдуу шарттарды пайдаланууга чакырды.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Америка Кошмо
Штаттары Казакстандагы эң ири инвесторубуз болуп саналат, 100 миллиард
доллардан ашык инвестиция салган жана экономикабыздын кыймылдаткыч күчү. Акыркы
жылдары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жүгүртүү эки эсеге көбөйүп, 5 миллиард
долларга жакындады. Биз Американын уранга болгон муктаждыгынын 25 пайызын
камсыздайбыз. Казакстанда 600дөн ашык америкалык компаниялар иштейт.
Ошондой эле,
президент Касым-Жомарт Токаевдин Вашингтонго болгон сапарынын алкагында 17
миллиард доллардан ашык суммадагы бир катар келишимдерге кол коюлганын белгилей
кетүү керек. Алар жасалма интеллект, авиация, билим берүү, санариптик
технологиялар жана өнөр жай тармактарына байланыштуу 30 эки тараптуу документ. Бүгүнкү
күндө жалпысынан Казакстан менен АКШнын экономикалык дарамети жарым триллион
доллардан ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

