Казакстан жапон тилиндеги туристтик гидге кирди. «Globe Trotter Central Asia 2025-26» жол көрсөткүчтүн бүтүндөй бир бөлүмү Казакстанга арналды. Жаңы коллекция өлкөнүн экономикасынан жана маданиятынан баштап, жапон аудиториясынын кызыгуусун арттырган гастрономиялык салттарга чейинки негизги аспектилерди камтыйт. Басылмада өлкөнүн улуттук символдоруна жана валютасына, казак элинин каада-салттарына өзгөчө көңүл бурулган. Жапон басмасы Казакстандын Алматы, Тараз, Шымкент, Түркестан, Астана жана Актау шаарларын камтыды. Анда туристтерге өлкөнүн жаратылыш пейзаждары жана негизги кооз жерлери жөнүндө бардык керектүү маалыматтар сунушталган. Алардын арасында Чарын капчыгайы, Кайыңды көлү, «Алтын Емель» улуттук паркы, Бозжыр капчыгайы, Карынжарык ойдуңу, «Тамгалы» археологиялык ландшафтынын петроглифтери жана башкалар бар. Авторлор жапондордун Казакстанга сапарын уюштуруу үчүн бардык керектүү объектилердин кыймыл багыттарын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүшкөн.
Даниел Сержан уулу, «KAZAKH TOURISM» УК» АК башкарма төрагасынын орун басары:
Китептин үчтөн бир чоң бөлүгүндө 50 баракта Казакстан тууралуу толук жазылган. Бул биз үчүн жакшы. Себеби, жапон рыногу жалпысынан биз үчүн максаттуу базар. Ал өзүнүн бийиктигин көрсөтүп жатат. Ал эми 26-жылдан баштап Токио менен Алматынын ортосунда түз каттам болот деп пландалууда. Биз буга даярданып жатабыз. Кийинки жылы биз да Осакадагы ЭКСПО көргөзмөсүнө барып, Казакстан тууралуу тааныштырабыз. Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 10 айында Жапониядан Казакстанга келген туристтердин саны 26%дан ашып, 8600гө жетти.
Которгон:Илгиз Жамалбеков

