Түрк академиясына 15 жыл

Түрк академиясына 15 жыл

«Түрк элдеринин тарыхы» академиялык монографиясы жазылат. Азыркы учурда боордош өлкө окумуштуулары өткөндү талдап, орток тарыхты толуктоого киришти. Бул тууралуу Астанада Эл аралык Түрк академиясынын 15 жылдыгына арналган иш-чарада айтылды. Эске сала кетсек, 2009-жылы Нахчыванда Түрк мамлекеттеринин саммитинде Казакстан түрк журтчулугуна орток изилдөө жүргүзө турган уюм курууну сунуштап, 2010-жылы Түрк академиясынын пайдубалы түптөлгөн. Бүгүнкү күндө түзүм түрк мейкиндигиндеги уникалдуу илимий мекемеге айланды. Академиянын алдында тарых, археология, этнография, адабият, тил илими, терминология, искусство багыттары боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондой эле өз ара экономикалык кызматташтыктын алкагын кеңейтүүгө басым жасалып келет. Мисалы, быйыл Айыл чарба өнөктөштүгү изилденет. Буга чейин аймактагы дарыя-суу маселелери, азык-түлүк коопсуздугу боюнча илимий талдоо жүргүзүлгөн.

Шахин Мустафаев, Түрк академиясынын Президенти:

- Керектүү илимий инфраструктураны калыптандыруу - Түрк академиясынын милдеттеринин бири. Бул максатта акыркы 2-3 жылдан бери аймактык түрк мамлекеттеринин экономикасы боюнча изилдөө жүргүзүп, тиешелүү репортторду жарыялап келебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков