Эксперттер: «Балхаш» АЭСи эң заманбап жана коопсуз технологиялар менен курулат

Эксперттер: «Балхаш» АЭСи эң заманбап жана коопсуз технологиялар менен курулат

Казакстандын биринчи АЭСи үчүн негизги долбоордук чечимдер аныкталды. Балкаштын жанына курула турган станция АЭС-2006 долбоорунун негизинде курулат. Бул суу менен иштеген кубаттуулуктагы реакторлору-1200 болгон эки энергоблок. Улуттук ядролук борбор белгилегендей: технология 3+ муунуна таандык, коопсуздуктун жогорку деңгээли менен камсыздалган. Реактордо активдүү жана пассивдүү коргоо системалары, кош герметикалык кабык жана оор кырсык болгон учурда эригенди локализациялоочу түзүлүш каралган.

Денис Зарва, «Казакстан Республикасынын Улуттук Атомдук Борбору» РМКнын башкы инженеринин орун басары:

Чынында, бул реактор 3+ муундагы реактор болуп саналат. Башкача айтканда, бул азыркы учурда атомдук машина куруу тармагындагы эң алдыңкы жетишкендиктер, ал суу энергетикалы реактор линиясын эксплуатациялоо боюнча бардык мурунку тажрыйбаны эске алат, бардык зарыл коргоолорго ээ, ошондой эле, Фукусимадан кийинки талаптарды эске алат, коопсуздук талаптарына толук жооп берет.

Асуан Сиябеков, KAЭС Энергия тобунун алдыңкы инженери:

Азыркы атомдук станциялар экологияга эч кандай зыян келтирбейт. Себеби бул жаңы муун. Муун «үч плюс» реакторлору деп аталат. Мында коргоочу кабык бар, коопсуздук өзү отундун башталышынан башталат. Отундун коопсуздугунун бир нече тосмосу бар. Ал ушунчалык коопсуз болгондуктан, кандайдыр бир сейсмологиялык жылыш болсо, реактор өзүнөн өзү токтойт. Анан пландалган иштерден кийин улантылат.

АЭСтин курулушу болжол менен 10 миң казакстандыкты жумуш менен камсыз кылары күтүлүүдө. Бул биринчи этап, ага инженердик-чалгындоо иштери кирет жана ал этап эки жылга жакын созулат. Адистердин айтымында, бул жерде станциянын курулуш этабында да, иштетүү процессинде да жогорку коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аймактын табигый жана климаттык өзгөчөлүктөрүн кылдат изилдөө маанилүү. Андан кийин АЭСтин корпусун долбоорлоо этабы башталат. Ал дагы эки жылга жакын убакытты алышы мүмкүн. Андан кийин гана курулуш башталат. Ал эми станция ишке киргенден кийин болжол менен эки миң туруктуу жумуш оруну түзүлөт. Серепчилердин баамында, объектини 2034-жылга чейин ишке киргизүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков