Дүйнөлүк дин мыктылары Астанада диндер арасындагы диалогду талкуулашат

Дүйнөлүк дин мыктылары Астанада диндер арасындагы диалогду талкуулашат

Казакстан кайрадан диндер аралык диалогдун глобалдык борборуна айланды, анда таасирдүү серепчилер азыркы замандын курч көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун издешүүдө. Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VIII съездинин катчылыгынын 23-жыйыны өттү. Ал алдыдагы иш-чаранын күн тартибине арналган, анын башкы жыйынтыгы 2025-жылдагы Астана тынчтык декларациясына кол коюу болот. Форумда ар кандай конфессиялардын өкүлдөрү руханий маселелерди, глобалдык чыр-чатактарды, экстремизмдин коркунучтарын жана экологиялык көйгөйлөрдү гана эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкты да карашат. Эскерте кетсек, дүйнөлүк диний лидерлердин съезди эртең, аяк оона айынын 17де ишин баштайт. Анын темасы: «Диндердин диалогу: келечектин атынан синергия».

Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы, дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин катчылыгынын жетекчиси:

- Биздин бүгүнкү жолугушуубуз эл аралык кырдаал татаал мезгилге туш келген учурда өтүп жатат. Эл аралык мамилелер системасы өзгөрүүлөргө дуушар болууда, жаңы чакырыктар пайда болууда жана учурдагылары курчуп жатат. Гуманитардык каатчылыктардын күчөшү жана маданий мурастардын талкаланышы да тынчсыздандырат. Мындай кырдаалда конструктивдүү жана жаратман күчтөрдүн биригүүсү маанилүү. Буга диний лидерлер да олуттуу роль ойношу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков