Астанада дзюдо боюнча Grand Slam дүйнөлүк турнири өттү

Астанада дзюдо боюнча Grand Slam дүйнөлүк турнири өттү

Астанада өткөн дзюдо боюнча Grand Slam дүйнөлүк турнирде Казакстандын командасы төрт медаль жеңип алды. Өлкө капчыгына алтын медалды Галия Тынбаева алып келди. Коло байгени 60 килограммга чейинки категорияда Елдос Сметов, 73 килограммга чейинки салмакта Бахытжан Абдурахманов жана 81 килограммга чейинки салмакта Абылайхан Жубаназар алышты. Grand Slam мелдешинин жыйынтыгында Казакстан командалык мелдеште бешинчи орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктү: Жапония, Италия жана Кытай толтурду. Белгилей кетсек, Астанада өткөн эки күндүк мелдеште Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ала турган спортчулар аныкталды. Килемге дүйнөнүн чемпиондору жана байге ээлери, ошондой эле ар кандай мелдештердин жеңүүчүлөрү чыгышты. Казакстандын борборуна жалпысынан 84 өлкөдөн 450 дзюдочу келди. Өлкөнүн командасына келсек, анда негизинен жаш спортчулар катышты.

 

Серикбол Уразалин, Казакстандын дзюдо федерациясынын вице-президенти:

 

-Негизинен мындай турнир биздин спортчуларга ар бир салмак категориясында 4 спортчуга чейин катышууга мүмкүнчүлүк берет. Бул чет өлкөгө мелдештерге бара албаган жаш спортчуларыбызга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Эми казакстандык дзюдочулар Абу-Дабиде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка даярданышат. Ал бугу айынын 19нан 23нө чейин болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков