ШКУ өлкөлөрү дүйнөлүк ИДӨдүн үчтөн бирин камсыздайт

ШКУ өлкөлөрү дүйнөлүк ИДӨдүн үчтөн бирин камсыздайт

ШКУ өлкөлөрү дүйнөлүк ИДӨдүн үчтөн бирин түзөт. Ал эми уюмдун ички соодасынын көлөмү 1 триллион долларга жакындап баратат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 67 миллиард доллардан ашты. Мындай маалыматты өлкө премьер-министри Олжас Бектенов Москвада Орусиянын Президенти менен болгон жамааттык жолугушууда билдирди. Тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин чакан жана кеңейтилген форматтагы жыйындарында транзиттик-транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүгө да көңүл бурулду. Казакстан Евразиянын негизги хабдарынын бири катары транзиттик кубаттуулугун тездик менен арттырууда. Казакстан  аркылуу 5 темир жол коридору өтөт - республика аркылуу транзиттик ташуулардын көлөмү акыркы жылдары дээрлик эки эсеге өстү. Өнөр жай кооперациясынын алкагында ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү жана инвестициялык долбоорлорду колдоо механизмин киргизүү маанилүү кадам болуп калат. Бул багытта Казакстан «Астана» эл аралык каржы борборунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга даяр. Өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында көп тараптуу кызматташтык жаатында бир катар документтерге кол коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков