Казакстандын Президенти жана Чехиянын Премьер-министри сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Казакстандын Президенти жана Чехиянын Премьер-министри сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Акордада Чехиянын Премьер-министрин тосуп алуу аземи өттү. Андрей Бабиш Казакстанда расмий сапар менен жүрөт. Касым-Жомарт Токаев жана Чехиянын Өкмөт башчысы расмий делегациялардын мүчөлөрүн бири-бири менен тааныштырышты. Эки өлкөнүн гимндери ойнолду.

Андан кийин Казакстандын Президенти менен Чехиянын Премьер-министри сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тараптар өнөр жай, транспорт жана логистика, санариптештирүү, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо тармактарындагы өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Чехия Республикасы Казакстандын Европа Биримдигиндеги негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, өз ара кызматташууну андан ары бекемдөө үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Соода жүгүртүүнүн динамикасы кубандырат. Албетте, биз келечекте соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү көздөп жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө 190дон ашык чехиялык компаниялар, анын ичинде Škoda, Omnipol, Tatra жана ZVVZ сыяктуу алдыңкы ишканалар, өндүрүш тармагындагы башка ишенимдүү өнөктөштөр иштейт. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.

Өз кезегинде Андрей Бабиш Касым-Жомарт Токаевди жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Чехиянын Премьер-министри ошондой эле өлкөнүн ар кандай тармактардагы жетишкендиктерин жогору баалады.

Андрей Бабиш, Чехия Премьер-Министри:

– Биринчиден, биз энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдегибиз келет. Биз сиздин өлкөңүздөн узак мөөнөттүү мунай ташуусуна кызыкдарбыз. Биздин энергетиканы өнүктүрүү стратегиябыз атомдук энергияга негизделген. Ошондуктан, биз Казакстанга дүйнөдөгү эң ири уран өндүрүүчү катары да кызыкдарбыз.

Казакстандын президенти Андрей Бабиштин Чехияга иш сапары менен келүү чакыруусун кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Чехиянын премьер-министрине 1-даражадагы Достук орденин тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков