Ислам Өнүктүрүү банкы аркылуу Түркестан облусундагы ирригация объектилерин калыбына келтирүүгө багытталган 24 долбоорду ишке ашырууга 135,5 миллиард теңге тартылды. Аймактын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү пландары жана жыйынтыктары тууралуу президентке облустун акими айтып берди. Нуралхан Кушеровдун айтымында, айыл чарба тармагында жүгөрү, эт жана пахта кластерлерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Акыркы долбоордун алкагында 197 миллиард теңгеге 5 долбоор ишке ашырылат. Ошондой эле, мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча Австралиянын тажрыйбасы киргизилип, аймакта крахмал-таттуу суюктук заводунун курулушу башталды. Ал эми энергия тартыштык көйгөйүн чечүү үчүн 6 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Мамлекет башчысы жаңы акимге кечээ кол коюлган «Түркестан шаарынын өзгөчө макамы тууралуу» мыйзамда аныкталган милдеттерди сапаттуу ишке ашыруу үчүн Өкмөт менен тыгыз байланышта болууну тапшырды. Мындан ташыкары, Касым-Жомарт Токаев жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу, туризмди, айыл чарбасын, чакан бизнести өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттерди койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

