Казакстанда
чет элдиктер үчүн казино түзүү пландалууда. Туризм жана спорт министрлиги
белгилегендей, аларды жайгаштыра турган жерлер аныктала элек. Алматы, Мангыстау жана Жетису
облустарына артыкчылык берилет. Казакстанда аталган аймактар туристтер үчүн
абдан тартымдуу
болуп саналат. Учурда мекеме
Кытай, Европа жана орус компанияларын дараметтүү инвестор катары карап жатат.
Инвесторлорду шыктандыруу үчүн
оюн үстөлдөрү менен автоматтар
үчүн төлөмдөрдү төмөндөтүү, ошондой эле чет өлкөдөн келген жарандарды
утуштардан киреше салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталат. Серепчилердин айтымында, эл
аралык тажрыйбага таянып, казино жана оюн зоналары туризмди өнүктүрүүгө, өзгөчө өлкөнүн экономикасына
олуттуу суммадагы акча жумшоого
жана инвестиция салууга даяр чет элдик саякатчыларды тартууга шарт түзөт.
Адилет Турганбаев, оюн-бизнеси жана лотореяны жөнгө салуу
комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:
- Туризмди өнүктүрүү боюнча
иш-чаралардын алкагында биз мындай мүмкүнчүлүктү чет өлкөлүктөр үчүн гана карап
жатабыз. Башкача айтканда, Казакстандын жарандарына кирүүгө тыюу салынат. Эгерде бул талапты
этибарга албаган казинолор табылса, катуу чаралар көрүлүп, лицензиясы дароо жоюлат. Бул ишке
атамекендик инвесторлор да тартылууда. Себеби, чет элдик компаниялар
тобокелдиктерди бөлүшүү үчүн жергиликтүү өнөктөш болушун каалашат. Мындай ченем
иштелип чыкты, азыр биз аны мамлекеттик органдар менен талкуулап жатабыз. Эгер
колдоо табылса, биз аны парламентке киргизебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

