Казакстанда Түркиянын ANKA учкучсуз учуучу аппараттары чогултулат. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ошентип Казакстан ANKA өндүрүшүн ишке киргизген биринчи чет өлкө болду.
«Келишим алкагында учкучсуз учуучу аппараттарды биргелешип өндүрүү жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу, ошондой эле Казакстандын Куралдуу күчтөрү үчүн учактарды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча технологияларды өткөрүп берүү менен кадрларды даярдоо көздөлүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, ANKA учкучсуз чалгындоочу жана сокку уруучу аппараты 2013-жылдан бери Түркияда чогултулат. Согуш талаасында сыналган. Учактын жогорку учуу салмагы 1700 кг жана 350 кг чейинки жүктү алып жүрүүгө жөндөмдүү. Учуу убактысы - 9000 метрге чейинки бийиктикте 30 саатка жакын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков