Казакстанда кайра иштетилген товар экспорту 34%га өстү

Казакстанда кайра иштетилген товар экспорту 34%га өстү

7,5 миллиард доллар. 2022-жылдын үчтүн айы-чын куран айларында Казакстандан кайра иштетилген товарлардын экспорту ушундай көлөмдү  түздү - деп билдирет QazTrade. Белгилей кетсек, өсүш уран, ферроэритме, жез, ун, жаратылыш газы, цинк жана башка товарларды жеткирүү менен байланыштуу. Жалпысынан Казакстандын кайра иштетилген товар жүгүртүүсү 4 айда 19,5 миллиард долларга жакынды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 20 пайызга жогору. Ал эми кайра иштетилген жана товардык сооданын жалпы көлөмү 2022-жылдын үчтүн айы-чын куран айларында 39,7 миллиард доллар болду.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков