Президент Касым-Жомарт Токаевдин Дубайга жасаган иш сапарынын алкагында 4 миллиард 850 миллион долларлык 20 коммерциялык документке кол коюлду. Чет элдик инвесторлор «жашыл энергетика», инфраструктура жана IT тармагындагы бир катар долбоорлорду каржылоого даяр. «Kazakh Invest» улуттук компаниясынын маалыматына караганда, өлкөдө шамал электр станциясын куруу боюнча келишимдер түзүлдү. Мындан тышкары, Жетису аймагында электр энергиясын топтой ала турган шамал электр станциясынын долбоорун түзүү көздөлүп жатат. Жамбыл облусунда дагы бир объект курулат. Ошондой эле, венчурдук долбоорлорду биргелешип каржылоо механизмин түзүү, токой климаты боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, табигый уран концентраттарын жеткирүү жаатындагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча документтерге кол коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков