Казакстанда өткөн айда бир жарым жылдык мунай менен конденсат өндүрүлгөн. Бул болжол менен 7 миллион 660 миң тоннаны түзөт. Energy Analytics серепчилеринин айтымында, кара алтынды акыркы жолу ашыкча өндүрүү 2020-жылдын жалган куран айында, пандемия башталганга чейин болгон. Жетинин айы-бештин айларында да ушундай эле натыйжа сакталса, республика быйыл 85 миллион тоннадан ашык «кара алтынды» өндүрүүнүн деңгээлине жетиши мүмкүн. Ошол эле учурда, конденсатсыз мунай өндүрүүнүн көлөмү Казакстан үчүн ОПЕК+ квотасынан ашып түшөт. Белгилей кетсек, тогуздун айында дүйнөлүк өндүрүш суткасына 1,4 миллион баррелге өскөн. Жетинин айы жана бештин айында жогорку өсүш күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков