Казакстанда 2025-жылдын 9 айында ИДӨ 6,3 % өстү

Казакстанда 2025-жылдын 9 айында ИДӨ 6,3 % өстү

Казакстандын экономикасы туруктуу өсүү темпин көрсөтүүдө. Ушул жылдын 9 айында өлкөнүн ИДӨсү 6,3%га өстү. Реалдуу сектордо анын деңгээли 8%, ал эми кызмат көрсөтүү тармагында 5%дан ашты. Адаттагыдай эле өнөр жай, соода жана транспорт тармактары экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланды. Дал ушул секторлор жалпы өсүштүн 70%дан ашыгын камсыздаган. Мындай жаңы маалыматтар Өкмөттө келтирилди. Инвестицияларда, курулушта жана тышкы соодада да оң жылыш байкалууда. Мисалы, үчтүн айы-баш оона айларында тышкы соода жүгүртүүсү 90 млрд доллардан ашкан. Анын 50 млрддан ашыгы экспортко тиешелүү. Бул учурда чийки зат эмес жеткирүүлөрдүн үлүшү өсүүдө. Кайра иштетүү багыты кеңейип, региондордун ишкердик базасы чыңдалууда. Министрлер кабинетинин белгилешинче, кошумча наркы жогору өндүрүштөрдү өнүктүрүү, ата мекендик компанияларды колдоо жана жаңы өнөр жайлык долбоорлорго инвестициялар тартуу артыкчылыкка ээ.

Олжас Бектенов, Казакстан премьер-министри:

- Кайра иштетүү өнөр жайындагы абал көңүл борборунда болууга тийиш. Жылдын пландаштырылган көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн бардык резервдерди пайдалануу зарыл. Көрүлүп жаткан чараларды ишке ашыруу жана ошол аркылуу экономикалык өсүү көрсөткүчтөрүнө жетүү жергиликтүү жерлерде камсыздалат. Ошондуктан акимдер тарабынан бардык тармактардагы абалды түздөн-түз көзөмөлгө алуу – өтө маанилүү маселе. Негизги макрокөрсөткүчтөр боюнча 11 аймакта оң динамика калыптанды. Ал эми Абай, Улытау жана Атырау облустары артта калып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков