Туризм министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды

Туризм министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды

Казакстанда ички туристтердин саны өсүүдө. Быйылкы жылдын 9 айында алардын саны 5 миллион беш жүз миң адамдан ашты. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш дээрлик 12% жетти. Мындан тышкары, чет элдик саякатчылардын саны дароо үч эсеге көбөйдү. Казакстанга 835 миң чет элдик мейман келди. Борбор калаада быйылкы жылы туризм тармагын өнүктүрүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, анын өнүгүшүнө салым кошкон тармактын өкүлдөрү сыйланышты. Туризм министри Ермек Маржикпаевдин айтымында, жыл ичинде министрлик 80 багытка аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча жемиштүү иштерди жүргүздү. Ошондой эле, 74 өлкөгө визасыз режим калыбына келтирилди. Бул тизмени 100гө чейин көбөйтүү пландалууда. Министр өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгаруудан тышкары, келе жаткан 2024-жылга карата аткарыла турган иштерге да токтолду.

Ермек Маржикпаев, Туризм жана спорт министри:
- Биз үчүн биринчи кезекте визалык жана миграциялык режимди жакшыртуу маанилүү. Эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү жана өлкөнүн туристтик брендин өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Өкмөт туристтик долбоорлорду каржылоо мөөнөтүн, тагыраак айтканда, жеңилдетилген насыялоону 7 жылдан 10 жылга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Муну менен катар, артыкчылыктуу аймактардын тизмеси ТОП-20га чейин кеңейтилди. Бүгүнкү күндө ар бир аймакта эң келечектүү өсүү жерлери аныкталды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков