Казакстанда 12 эне жана баланы коргоо борбору курулат

Казакстанда 12 эне жана баланы коргоо борбору курулат

Казакстанда 12 заманбап перинаталдык борборлорду куруу жана 15 балдар ооруканасын реконструкциялоо пландаштырылууда. Республиканын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2030-жылга чейин эне жана баланы коргоо кызматын өнүктүрүү планы жана райондо жетишилген натыйжалар сунушталды. Атап айтканда, учурда өлкөдө медициналык кызматтардын чөйрөсү кеңейүүдө, технологиялар жигердүү жаңыланууда, эл аралык стандарттар жана ДССУ менен ЮНИСЕФтин сунуштары киргизилүүдө. Алар перинаталдык жардамды региондоштурууга жана коопсуз эне болуу үчүн эффективдүү технологияларга тиешелүү болмокчу. Казакстанда клиникалык протоколдор кайра каралып, акушердик жана педиатриядагы ыкмалар жаңыланды. Ошону менен бирге кырдаалдык борборлордун тармагы кеңейтилип, кош бойлуу аялдарды текшерүүнүн жеткиликтүүлүгү өсүүдө. Бул чаралар санариптик чечимдерди да камтыйт. Алсак, кош бойлуу аялдардын электрондук карталары, кабарлоо кызматтары, быйылкы жылдан баштап 18 жашка чейинки балдар үчүн санариптик ден соолук профили киргизилди. Мунун баары азыртадан эле натыйжасын берип жатат. 2024-жылы энелердин өлүмү 12%га, ымыркайлардын өлүмү 11%га кыскарган. Ал эми быйылкы жылдын алты айында — 10 жана 26 пайызга. Мындай эффективдүү төмөндөө темптери боюнча республика дүйнөдө 4-9-орундарды ээлейт.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Акыркы жылдары биз энелердин жана балдардын өлүмүн 6 эседен ашык кыскартууга жетиштик. Мамлекет башчысы заманбап перинаталдык борборлорду куруу боюнча иштерди улантууну тапшырды. Жетинин айынын 1не чейин бардык зарыл документтерди даярдоону аяктап, Шымкентте жана Карагандыда мындай борборлорду курууну баштоо керек. Аялдарды кош бойлуулукка даярдоого, ооруларды өз убагында диагностикалоого жана ден соолугун чыңдоого багытталган «Энелер саламаттыгы» программасын сапаттуу жана жалпыга бирдей ишке ашыруу зарыл. Борбордон тартып эң алыскы айылга чейин бардыгына сапаттуу медициналык жардамга бирдей жетүүнү камсыз кылуу зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков