Эл аралык эмгек уюмунун башкы мүдүрүнүн иш сапары Казакстан менен кызматташууга жаңы дем берүү жагынан маанилүү. Бул тууралуу мамлекет башчысы Жильбер Унгбо менен болгон жолугушуусунда билдирди. Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк масштабда социалдык адилеттүүлүк принциптерин өнүктүрүүдө уюмдун ролун баса белгиледи. Президент өлкөнүн Адилеттүү Казакстан концепциясы менен Эл аралык эмгек уюмунун социалдык адилеттүүлүк демилгелери шайкеш экенин айтты. Казакстан бул бирикменин 25 негизги конвенциясын ратификациялады. Өз кезегинде Жильбер Унгбо өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларды жогору баалады. Ошондой эле, Казакстан Эл аралык эмгек уюмунун максаттарын жана милдеттерин алдыга жылдыруу боюнча аймактагы лидер экенин белгилеп өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков