К. Токаев EURONEWS телеканалына интервью берди

К. Токаев EURONEWS телеканалына интервью берди

Казакстандын президенти Euronews телеканалына кеңири интервью берди. Бакудагы СПЕКА саммитинин алкагында мамлекет башчысы чет элдик маалымат каражатына Казакстандын экономикалык дарамети жана өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу айтып берди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Берик Уали Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, европалык 24 саат бою  үзгүлтүксүз эфирге чыккан телеканалдын журналисттери менен баарлашууда президент Казакстандын экономикасын декарбонизациялоо жана диверсификациялоо боюнча пландары, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык балансында көмүрдү пайдаланууну акырындык менен кыскартуу тууралуу маалымат берди. Айта кетсек, Евроньюс телеканалы маекти ушул аптада көрсөтүүнү мерчемдеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков