Казакстан менен Бразилия айыл чарба тармагында
кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар.
Астанада эки өлкөнүн алдыңкы ишкер чөйрөлөрү жолугушкан бизнес-форумда эки
өлкөнүн айыл чарба министрликтеринин ортосунда мал чарба тармагында өз ара
түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Тараптар ошондой эле өнөр жай
жана санариптик технологиялар сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда биргелешкен
долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Мисалы, бразилиялык Embraer
авиакурулуш компаниясы Казакстандагы катышуусун кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн
активдүү карап жатат жана аймактар аралык каттамдар үчүн учактарды берүүгө
даяр. Мындан тышкары, Бразилия өзүнүн агрардык секторунун муктаждыктары үчүн
казакстандык жер семирткичтерди сатып алуу көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда.
Ермек Кошербаев, Тышкы иштер министри:
– Бизге белгилүү болгондой,
Бразилия этти эң көп экспорттоочу өлкө. Бүгүн мен кесиптешим менен селекция
маселелерин талкууладык. Бразилиянын бул багытта жакшы тажрыйбасы бар. Эгерде
бул маселе боюнча кызматташсак, жакшы жана өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишебиз
деп ойлойм.
Мауро Виейра, Бразилиянын Тышкы иштер министри:
– Казакстан
жер семирткичтерди дүйнө жүзү боюнча эң ири экспорттоочулардын бири, ал эми
Бразилия дүйнөдөгү азык-түлүктүн экинчи ири экспорттоочусу болуп саналат. Бул
жерде биз өнөктөштүк үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрүп турабыз. Бразилия
жыл сайын 40 миллион тоннага жакын жер семирткич импорттойт, ошондуктан биз
Казакстандан сатып алуунун көлөмүн көбөйтө алабыз деп эсептейбиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

