Казакстан менен Өзбекстан бир катар тарыхый документтерге кол койду

Казакстан менен Өзбекстан бир катар тарыхый документтерге кол койду

Казакстан менен Өзбекстан чек араны тактоо процессин аяктады. Тиешелүү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол коюшту. Анын узундугу 2 жарым миң километрге жакын. Эске сала кетсек, бул жараян акыркы 19 жылдан бери уланып келет.

Касым-Жомарт Токаевдин Ташкентке жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган дагы бир тарыхый документ бул союздук мамилелер боюнча келишим.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Бул документтер мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыктын жана бир туугандык мамилелердин жылнаамасына алтын тамгалар менен жазыла тургандыгына толук ишенемин. Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздук мамилелер жөнүндө келишим биздин элдерибиздин ортосундагы байланыштарды мындан ары да чыңдоого, эки тараптын умтулуусун билдирет жана биздин мамлекеттерибиздин кызыкчылыктарына толук жооп берет.

Мындан тышкары 8 миллиард доллардан ашык инвестициялык келишимдерге жана эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул өнөр жайдан айыл чарбага чейин биргелешкен долбоорлор. Инновациялык өндүрүштөрдү түзүү жана экспорттоо маселеси да көңүл сыртында калган жок.

Тимур Сүлейманов, президенттин администрациясынын биринчи орун басары:

- Келишимдердин көлөмү 8 миллиард долларга жетти, бул Өзбекстан Республикасынын ИДӨнүн 10%ын түзөт. Учурдагы геосаясий жана геоэкономикалык кырдаалдын көз карашынан алганда, Борбордук Азиянын интеграциясын каалашпайт, бирок азыртадан эле милдеттүү болуп баратат. Келечекте эки тарап экономиканы өнүктүрүүнү улантаары анык. Эгер Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттери өз ара бакубатчылыкты арттыргысы келсе, Борбор Азиянын интеграциясын көз жаздымда калтырууга болбойт.

Ошол эле учурда мамлекет башчылары жаңы өндүрүш объектилеринин курулушуна салтанаттуу түрдө киришти. Навои облусунда фосфат жана комплекстүү минералдык жер семирткичтерди чыгарууга Казакстанды инвестициялоо пландаштырылууда. Өзбекстанда заманбап мультимодалдык логистикалык борбордун курулушуна жүздөгөн миллион доллар жумшалат. Анын үстүнө ата мекендик курулуш компаниялары да ички рынокко чыкты. Бул максатта турак-жай комплекстерин, мектептерди жана бейтапканаларды курууга 400 гектар жер бөлүнүп берилет. Коңшу өлкө Казакстанга автоунаа өнөр жайы, электрондук жабдуулар жана инфузиялык эритмелерди өндүрүү үчүн мыкты өзбек технологияларын киргизүүнү көздөп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков