Казакстан Президенти Орусияга иш сапары менен барды

Казакстан Президенти Орусияга иш сапары менен барды

Кремлде өткөн жолугушууда Казакстан менен Орусиянын лидерлери билим берүү тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, жогорку квалификациялуу инженерлерге болгон суроо-талапты эске алуу менен «Болашак» программасынын алкагында өлкөдөгү алдыңкы орусиялык ЖОЖдордун филиалдарынын тармагын кеңейтүү жана коңшу мамлекетте адистерди даярдоо боюнча келишимдер түзүлдү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Казакстанда көпчүлүккө белгилүү университеттердин филиалдары ачылат. Бул Москва инженердик физика институту, Губкин атындагы университет, Бауман мектеби. Бул билим берүү жана өз ара колдоо көрсөтүүдөгү олуттуу кадам деп ойлойм.

Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган стратегиялык биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулат. Тараптар санариптештирүү жана космос чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө ниеттенүүдө.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бүгүн биз өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнүн жолдорун кеңири талкууладык. Буга чейин эки өлкө 13 долбоорду ишке ашырган. Учурда жалпы наркы 2,6 миллиард долларлык 8 долбоор ишке ашырылууда. Дагы инвестициянын көлөмү 1,5 миллиард долларды түзгөн 11 долбоорду ишке киргизүү маселеси каралат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки лидер соода жүгүртүүнүн олуттуу өскөнүн белгилешти. Өткөн жылы эле ал 21 миллиард долларды түзүп, пандемияга чейинки деңгээлден ашты. Кошумчалай кетсек, Казакстандын экономикасында орусиялык компаниялар инвесторлордун алдыңкы бештигине кирет. Жалпысынан 17 миллиард доллар инвестиция тартылган.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Казакстанда чет элдик капиталдын катышуусунда ишканалардын саны боюнча Орусия сөзсүз талашсыз лидер болуп саналат. Алардын үчтөн бир бөлүгү орусиялык компаниялардын катышуусунда жасалган. Жалпы инвестициялык портфель дээрлик бардык тармактарда көрсөтүлгөн.

Андан соң Касым-Жомарт Токаев Казанга жөнөп кетти. Мамлекет башчысы кооз жерлерди кыдырып, республика башчысы Рустам Минниханов менен жолугат жана өлкөнүн ири өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков