Өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министрлиги суу каптаган жергиликтүү аймактарда турак жайларды, социалдык инфраструктураны, коммуналдык объекттерди калыбына келтирүү боюнча бардык иштерди координациялоо максатында 3 ыкчам топ түздү. Башкармалыктын жетекчиси баштаган биринчи топ Актөбе облусуна жөнөп, андан соң Акмола жана Костанай облустарына барат.
Меруерт Ибраева, Өнөр жай жана курулуш министрлигинин расмий өкүлү:
- Өнөр жай жана курулуш министри Канат Шарлапаев Актөбе облусуна болгон иш сапарынын алкагында суу каптоодон жабыркагандарга жаңы турак жай салуу үчүн акимчилик бөлгөн жер участокторунун абалы менен таанышты. Жетекчиликтин маалыматына караганда, облуста 436 даяр жер участогу бар. Канат Шарлапаев жергиликтүү ишкерлер жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен да жыйын өткөрдү. Жолугушууда алдыдагы калыбына келтирүү иштеринин алкагында биргелешкен иш пландары жана стратегиялары талкууланды.
Экинчи ыкчам топ Павлодар облусуна барды, эми Абай жана Чыгыш Казакстан облустарына барат. Ал эми үчүнчү топ өлкөнүн батышында болуп, кийин Түндүк Казакстан жана Атырау облустарынын абалы менен таанышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков