АӨБ: Казакстандын суу тармагы өнүгөт

АӨБ: Казакстандын суу тармагы өнүгөт

Казакстандын суу ресурстары министрлиги менен Азия өнүктүрүү банкы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Документ тармакка инвестиция тартуу багытындагы эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнү көздөйт. Башкача айтканда, анын алкагында инфраструктураны жаңылоого байланыштуу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеси түзүлөт. Ошондой эле, тиешелүү мекеме менен эл аралык каржы уюму кадрларды окутуу, тажрыйба алмашуу жана техникалык көмөк көрсөтүү боюнча өз ара кызматташат. Тараптар жаңы демилгелердин аткарылышын координациялай турган борборлорду түзүү боюнча макулдашты. Мындан тышкары, жолугушууда Казакстандын каржы институтунун «Мөңгүлөрдөн фермаларга» программасына катышуу маселеси талкууланды. Ал климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу биргелешкен чаралар комплексин жана ирригация системаларын жаңылоону көздөйт. Адистер бул документ тармакты өнүктүрүп, эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого жаңы дем берерин айтышат.

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:

- Суу ресурстарын башкаруу системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын кабыл алдык. Документте биз ушул аралыкта кол жеткирүүгө тийиш негизги көрсөткүчтөрдү аныктадык. Суу тармагын өнүктүрүүнүн 2028-жылга чейинки комплекстүү программасы кабыл алынды. Ал гидротехникалык курулуштарды жана ирригациялык тармактарды оңдоого, курууга жана калыбына келтирүүгө тиешелүү бардык иш-чараларды камтыды. Биздин Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтыгыбыз эки тарап үчүн тең абдан жемиштүү жана өз ара пайдалуу болот деп үмүттөнөм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков