Касым-Жомарт Токаев
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин
катчылары менен жолугушуу өткөрдү. Президент ШКУ мейкиндигинде жамааттык коопсуздуктун
ролу өсүп келе жатканын эске алуу менен мындай жолугушуулар өзгөчө актуалдуу
экенин белгиледи. Өткөн жылы дүйнөдө аймактык жана жергиликтүү деңгээлде 180ден
ашуун жаңжал болуп, алардын саны болжол менен 30%га жакын өскөн. Бул - акыркы
отуз жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Серепчилердин айтымында, жаңжалдар менен
зордук-зомбулуктун глобалдык цикли күч алып келүүдө. Ал эми азыр эл аралык
терроризм коркунучу күчөп баратат. Акыркысына татыктуу жооп кайтаруу, ошондой
эле, жарандардын коопсуздугун камсыздоо зарыл, деп белгиледи Касым-Жомарт
Токаев.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Шанхай Кызматташтык
Уюму учурунда аймактагы стабилдүүлүк менен коопсуздукту камсыз кылуу, «Үч зулум
күчкө» биргелешип каршы туруу максатында түзүлгөнүн эске салам. Бүгүнкү күндө
мындай коркунучтар жок болгон жок, алар өзгөрүп, мурдагыдан да кооптуу болуп
калды. Өз кезегинде биз тараптан дагы системалуу жана тайманбас батыл чараларды
көрүү зарыл. Мамлекеттерибиздин бүтүндүгүн бузуп жаткан терроризм, экстремизм
жана сепаратизмдин гүлдөшүнө жол берүүгө болбойт. «Үч зулум
күчкө», ошондой эле, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз баңги
аткезчилигине жана кибер коопсуздук чакырыктарына каршы күрөшүү Казакстан ШКУга
төрагалык кылган мезгилиндеги башкы артыкчылыктардын бири болуп эсептелет.
Президенттин
айтымында, ШКУ аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга
багытталган өз ара макулдашылган жана конкреттүү кадамдардын үлгүсүн көрсөтүүгө
тийиш. Бул максатта катышуучулар терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге
каршы аракеттенүү боюнча 2025-2027-жылдарга арналган кызматташуу программасын
кабыл алышы керек. Муну менен катар, уюмдун 2029-жылга чейинки маңзатка каршы
стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер программасын кабыл алуу
маанилүү экенине токтолду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков