Европа Биримдиги өлкөлөрү Борбор Азиядагы экологиялык долбоорлорду колдоого даяр. Суу ресурстары, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү Астанада Аймактык экологиялык саммиттин алкагында өткөн жогорку деңгээлдеги жыйында талкууланды. Тараптар бир катар документтерге кол коюшту. Тактап айтканда, Казакстан менен Словакия өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Анда суу чарба тармагын санариптештирүү, суу объектилерин эсепке алуу жана мониторинг системасын ишке ашыруу, гидротехникалык курулмаларды жана трансчек ара каналдарын автоматташтыруу каралган. Италия ошондой эле Арал деңизинин экосистемасын калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди. Белгилей кетсек, «Европа командасынын» суу, энергетика жана климат боюнча демилгесинин алкагында аймактагы экологиялык долбоорлорго 5 миллиард еврого жакын инвестиция тартылган.
Франческо Корваро, Эл Аралык серепчи /Италия/
– Климаттык чакырыктар биргелешкен аракетти талап кыларын моюнга алуу маанилүү. Бул аракеттерди Евробиримдик, ошондой эле Казакстан жана башка Борбор Азия мамлекеттери колдоого алат. Италия Арал деңизинин аймактын экологиялык тең салмактуулугу үчүн маанисин тааныйт. Ошондуктан Италиянын тышкы иштер министри Эдмондо Сириелли бул аймакты калыбына келтирүүгө багытталган өзүнчө долбоор демилгелеген.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

