Казакстанда «Бакты–Аягөз» темир жолунун курулушу ылдамдады

Казакстанда «Бакты–Аягөз» темир жолунун курулушу ылдамдады

Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн тездетүүгө багытталган дагы бир долбоор ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө Абай облусунда стратегиялык мааниге ээ темир жол тармагынын курулушу кызуу жүрүп жатат. «Бакты–Аягөз» багыты Казакстан менен Кытайдын ортосундагы жүк ташууну жеңилдетип, анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсеге арттырууга мүмкүндүк берет. Жалпы темир жолдун узундугу 300 чакырымга жакын. Жаңы багыт боюнча 12 станция курулат. Долбоор 2027-жылы толугу менен аяктап, пайдаланууга берилет. Бүгүнкү күндө темир жол төшөлө турган тоолуу аймактарда негизги даярдык этабы жүрүп жатат.

Кайрат Акпаров, Компаниянын өкүлү:

- Күн катуу сууктаганда жумуштарды Бакты багытына карай жылдырабыз. Анткени, Маканчы–Бакты тилкеси климаттык шартына байланыштуу кыш мезгилинде да иштөөгө ыңгайлуу аймак. Ошондуктан жумуштарды жыл бою, мүмкүнчүлүк болгон шартта, токтотпой жүргүзөбүз. Ал эми жазында жер жибип, топурак толук даяр болгон соң, темир жолдун шпалдык торун төшөө жумуштарына киришебиз.

Которгон: Илгиз Жамлабеков