Түндүк-Түштүк коридорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт

Түндүк-Түштүк коридорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт

Түндүк-Түштүк коридорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү үч эсеге, тагыраагы 6 миллион тоннадан 20 миллион тоннага чейин көбөйүшү мүмкүн. Буга жетишүү үчүн этап-этабы менен тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Өкмөттөгү ыкчам жумушчу топтун жыйынында өлкөдөгү чек ара хабдарын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Ошентип, «Казакстан темир жолу» ишканасынын өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекеттер аралык өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлүп, аларды жакшыртуу чаралары иштелип чыкты. Каспий түйүнүнүн «Морпорт Актау» АЭА базасында түзүү пландалып жаткан контейнердик хабды куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жумуштар башталды. Казакстандын чек ара түйүндөрү тармагындагы негизги долбоор Жетису районундагы Хоргос хабы болуп саналат. Облустук акимчиликтин маалыматы боюнча, учурда АЭАда 48 катышуучу катталып, 15 ишкана иштеп жатат. Жылдын аягына чейин дагы 6 объектти пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. «Хоргостун» жалпы кирешеси 1,5 миллиард теңгени түзөт. Чын куран айынан жетинин айына чейин Эл аралык чек ара кызматташтык борбору аркылуу 8 миң тонна жүк ташылган. Бүгүнкү күндө инвестициянын жалпы көлөмү 141 миллиард теңгеге жетти. Мындан тышкары, «Евразия» чек ара соода борборун, «Алатау» өнөр жай соода-логистикалык комплексин жана «Борбор Азия» эл аралык чек ара соода борборун түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков