Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу, ошондой эле транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, өз ара инвестициялар жана маданий-гуманитардык байланыштарды андан ары активдештирүү. Казакстандын Президенти менен Кыргызстандын тышкы иштер министринин жолугушуусунда бул маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Жээнбек Кулубаев Касым-Жомарт Токаевге эки өлкөнүн тышкы саясат мекеме жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жана эки тараптуу биргелешкен иштин негизги багыттары тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы бекем достук жана коңшулук мамилелерге таянган казак-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөзүндө динамикалуу жана ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды толук кандуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

