Бул өлкөнүн Өкмөтү тарабынан бекитилген 2023-2029-жылдарга мамлекеттик жаштар саясатынын концепциясында каралган артыкчылыктардын бири гана. Жалпы документте 7 багыт боюнча жаштарды колдоо чаралары белгиленген. Жакынкы 7 жылдын ичинде жаш мамлекеттик кызматкерлердин үлүшүн 25%га көбөйтүү жана кайрымдуулук менен катар экологиялык демилгелерге 2 миллиондон ашык ыктыярчыларды тартуу көздөлүп жатат. Ал арада 150 миң жаштар техникалык, кесипкөй жана үч миллионго жакын талапкер жогорку билим менен, ал эми ишкерлик менен алектенгендер жеңилдетилген насыяларды ала алышат. 2 миллиондон ашык адам туруктуу иш менен камсыз болот. Концепцияда айыл жаштарын колдоого, алардын дараметин жогорулатууга артыкчылык берилген.
Дархан Кыдырали, Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри:
Бүгүнкү күндө жаштардын 43,7%ы айылдарда жашайт. Концепцияда элет жаштарынын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, ошондой эле алардын дараметин ишкердик аркылуу жүзөгө ашырууга басым берилет. Мындан тышкары кесиптик багыт берүү иштери жүргүзүлөт. Жогоруда аталган иш-чаралардын алкагында 2029-жылга чейин 1 миллион айыл жаштарын иш менен камсыз кылуу, бир жарым миллион жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, ресурстук борборлор аркылуу 3,8 миллион жаштарга социалдык кызматтарды көрсөтүү көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков