Касым-Жомарт Токаев Азербайжандын президенти менен телефон аркылуу
сүйлөштү. Мамлекет башчысы Илхам Алиевди туулган күнү менен куттуктап, анын
казак-азербайжан мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалады.
Президенттер өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасын канааттануу менен
белгилеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда стратегиялык
өнөктөштүктү тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

