Алдыңкы технологиялар тармагындагы эл аралык байланыш. Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарында «Кытай-ШКУ» санарип экономиканын ири форуму өтүүдө. Ага офлайн жана онлайн форматта 18 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Форум панелдик сессиялар, түрдүү талкуулар жана маанилүү маселелер боюнча дискуссиялар түрүндө өтөт. Талкуулар бир гана алдыңкы технологиялар менен эмес, Шанхай Кызматташтык Уюму мамлекеттеринин жалпы өнүгүүсү менен да байланыштуу.
Олим Алимов, ШКУ мамлекеттерине арналган көп функционалдуу соода-экономикалык аянтчанын баш катчысынын орун басары:
- Биз канчалык көп бөлүшсөк, платформа бардык өлкөлөр үчүн ошончолук ачык болот деп ойлойм. Бул бир жагынан тажрыйбаны изилдөөгө жакшы. Ал эми экинчи жагынан белгилүү бир иш-аракеттерди жасоо керек. Биздин өлкөдө бар болгон технологиялар башка өлкөлөрдө да өздөштүрүлүп, ШКУ аймактарынын мейкиндигинде иштөө үчүн ыңгайлуу.
Чунциндеги форум менен бирге Smart China Expo-2021 көргөзмөсү уюштурулду. Стенддердин жалпы аянты 70 миң чарчы метрди түзөт. Бул жерде жасалма акыл-эс жана башка жаңы технологиялар тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгууда өлкөлөрдүн жетишкендиктерин чагылдырган санариптик ноу-хаунун бир нече түрүн көрүүгө болот. Жалпысынан, көргөзмөгө 30дан ашык өлкөдөн 610 эл аралык компания тартылган.
Ольга Голуб, SCE 2021 көргөзмөсүнүн катышуучусу /Беларусь/:
- Чунцин абдан ыңгайлуу жер. Бул «Бир алкак, бир жол» долбоорунун маанилүү бөлүгү. Андыктан мында өтүп жаткан көргөзмө биз үчүн өз өнүмдөрүбүздү тааныштырууга жакшы мүмкүнчүлүк.
«Кытай-ШКУ» форумунун алкагында өтүүчү иш-чаралар санариптик экономика, электрондук соода, интеллектуалдык туризм жана логистика, санариптик каналдарды өнүктүрүүгө багытталат. Ошондой эле,
жолугушуулардын бир бөлүгү өнөр жай интернетин өнүктүрүү тематикасына арналган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков