Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алды

Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алды. Сырым Шарипхановго өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын санын азайтуу милдети жүктөлдү. Мамлекет башчыга министрликте алдыдагы убакытта аткарыла турган трансформация иштери тууралуу маалымат берилди. Министрдин айтымында, өзгөчө кырдаалдардын саны жана масштабы көбөйгөн учурда жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму өзгөчө кырдаалды жоюуга чейин анын кесепеттерин алдын алууга багытталып жатат. Ал эми Казакстан жарандарынын коопсуздугун алдын ала камсыздоо максатында колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө. Мындан тышкары, президентке куткаруу бөлүкчөлөрүнүн материалдык-техникалык базасын жабдыктоо жана санариптештирүү, ошондой эле куткаруучуларды жана өрт өчүрүүчүлөрдү социалдык жактан коргоо чараларын күчөтүү боюнча маалымат берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков