Президент БУУ делегациясын кабыл алды

Президент БУУ делегациясын кабыл алды

Бул тууралуу БУУнун делегациясы президент Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушууда билдирди. Өз кезегинде мамлекет башчысы уюмдун тынчтыкты чыңдоо, коопсуздукту жана глобалдык өнүгүүнү камсыздоодогу өзгөчө ролуна көңүл бурду. Белгилей кетсек, Казакстанда БУУнун 20дан ашык бөлүмдөрү ийгиликтүү иштеп жатат. Тараптар алдыдагы убакытта Алматы шаарында Борбор Азия жана Ооганстанды Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын аймактык борборун түзүүгө кызыкдар. Бул борбор БУУнун агенттиктери менен аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы координацияны күчөтүүгө багытталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков