Түндүк Казакстан облусунун өнүм экспорту 10%га артты

Түндүк Казакстан облусунун өнүм экспорту 10%га артты

Түндүк Казакстан облусу экспорттук дараметин арттырууда. Серепчилердин айтымында, облус быйыл 2021-жылга салыштырмалуу 10 пайызга көп товар жөнөткөн. Түндүк Казакстандын макарон азыктары облуста гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарында жана чет мамлекеттерде суроо-талапка ээ. Бул жерде чыгарылган кесмелер сапаты боюнча чыныгы италиялык макарондон кем калышпайт. Ал эми өндүрүш объекттеринде иш толук автоматташтырылган.

Павел Суржиков, майдаланган– макарон комплексинин мүдүрү:

Бизде бир макарон өнүмдөрүн чыгарган фабрика бар. Анда 4 макарон линиясы иштейт. Күнүмдүк өндүрүштүк кубаттуулугу 192 тоннаны түзөт. Бул жерде кесилген жана кыска макарон азыктарын чыгарабыз. Өнүмдүн 30дан ашык түрү бар. Даяр өнүмдү 400 граммдык кылып бөлүп таңгактайбыз, ал эми үнөмдүү таңгактар 1,6 килограммдан.

Казакстандын экспортунун көлөмү жыл сайын өсүүдө гана эмес, географиялык жактан да кеңейүүдө. Быйыл биринчи жолу ун азыктарынын алгачкы партиясы Монголияга жиберилди. Ал эми коргошун биринчи жолу Жапонияга экспорттолду. Буга чейин ал АКШга гана жөнөтүлүп келген. Европага жеткирилген товарлардын тизмеси да көбөйдү.

Амангельди Калиев, Түндүк Казакстан облусу ишкерлер палатасынын товарлардын чыгуусун сертификаттоо боюнча адиси:

Кайра иштетүүчүлөр көбүрөөк товарларды жөнөтө башташты. Фанералар көбүрөөк экспорттолууда. Көбүнчө алыскы чет өлкөлөр менен Чехияга жөнөтүлөт.

Бирок Түндүк Казакстанда экспорттун негизги бөлүгү буудайга тиешелүү. Быйылкы жылы эле чет мамлекеттерге 300 мин тонна эгин жөнөтүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9 пайызга көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков