Казакстанда социалдык жана экономикалык долбоорлорду тандоонун жаңы талаптары бекитилет

Казакстанда социалдык жана экономикалык долбоорлорду тандоонун жаңы талаптары бекитилет

Казакстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду тандоо шарттары киргизилет. Азыр жергиликтүү серепчилер жаңы эрежелерди бекитүү долбоорун талкуулап жатышат. Улуттук экономика министрлиги каржылоону атайын мамлекеттик фонддон ишке ашырууну сунуштоодо. Эске сала кетсек, Казакстанга мыйзамсыз чыгарылган жана кайтарылган мүлктөр аталган фондго түшөт. Бул документте конкреттүү социалдык-экономикалык долбоорлордун концепциялары аныкталган. Документтин жаңы талаптарын аяк оона айынын аягына чейин кабыл алуу көздөлүп жатат.


Алишер Шаяхметов, Улуттук экономика министрлигинин инвестициялык саясат департаменти мүдүрүнүн орун басары:


Негизинен саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына тиешелүү социалдык долбоорлорго артыкчылык беребиз. Бул долбоорлордун Казакстан Республикасынын стратегиялык документтерине шайкештиги тандоонун негизги критерийи болуп саналат. Мындан тышкары коомчулук же массалык маалымат каражаттары тарабынан демилгеленген коом үчүн чоң мааниге ээ долбоорлор болушу керек. Бул контекстте ал татаал болбошу керек жана билим берүүнүн инфраструктуралык фондунан кайра каржыланбоого тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков