Казакстан Улуттук банкы базалык ченди төмөндөттү

Казакстан Улуттук банкы базалык ченди төмөндөттү

Казакстандын Улуттук банкы базалык ченди 16,5%га чейин төмөндөттү. Буга чейин ал жылына 16,75%ды түзгөн. Жөнгө салуучу мындай чечимди тышкы чөйрөдө инфляциялык басымдын акырындык менен алсырашы менен байланыштырат. Бүгүнкү күндө борбордук банктардын баалардын туруктуулугун камсыз кылуу саясатынын натыйжасында көптөгөн өлкөлөрдө инфляция басаңдап жатат. Дүйнөлүк рынокто баалар жана логистикалык чыгымдар да төмөндөөдө. Бирок, экономикада ички суроо-талаптын кеңейиши жана туруктуулугу, инфляциялык күтүүлөр, ошондой эле өндүрүштүн наркынын өсүшү боюнча басым сакталууда. Жалпысынан өлкөнүн Улуттук банкы 2024-2025-жылдарга экономикалык өсүш болжолун 4-5%га  чейин жакшыртты. Инфляция боюнча божомолдор да жакшы. Буга ишкердик активдүүлүктүн кеңейиши, мунай тармагынын жанданышы жана бюджеттик чыгашалардын өсүшү түрткү болорун адистер айтышат.

 

Которгон: Илги Жамалбеков