Сенат инвестиция боюнча документти кабыл алды

Сенат инвестиция боюнча документти кабыл алды

Казакстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын инвесторлорун колдоо жана коргоо чаралары күчөтүлөт. Сенат бул максатты көздөгөн макулдашууну кабыл алды. Документ тараптардын ишкердик кызматташтыгын шыктандырууга багытталган. Бул бекеринен эмес. Учурда өлкөнүн аймагында БАЭ капиталынын катышуусу менен 371 юридикалык жак катталган. Бүгүнкү күндө Казакстан Перс булуңундагы негизги өнөктөшү менен жалпы баасы 5,1 миллиард долларды түзгөн 22 долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында турат. Эмираттардан келген инвестициянын агымы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге өсүп, 128 миллион долларды түздү. 2005-жылдан бери Эмират Казакстандын экономикасына 3 миллиард долларга жакын инвестиция салган.

Кайрат Омаров, Казакстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары:

- Келишим инвесторлордун ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда укуктарынын кепилдиктерин тастыктоо жолу менен кызматташуунун укуктук негиздерин түзүүнү көздөйт жана эл аралык арбитражга жетүү жана мажбурлап ажыратуудан коргоону камсыз кылуу менен бирге чет өлкөлүк өкмөттөрдүн инвестицияларга карата адилет жана бирдей мамилесин камсыз кылат. Келишим инвестициялык климатты жакшыртууга жана өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков