Казакстан үч эл аралык банктан 1,3 млрд доллар насыя алат

Казакстан үч эл аралык банктан 1,3 млрд доллар насыя алат

Казакстан экономикалык активдүүлүгүн күчөтүү үчүн үч эл аралык каржы институтунан бир миллиард 300 миллион доллар алат. Өлкөгө жеңилдетилген насыяларды Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы берет. Тиешелүү макулдашуулар Мажилисте ратификацияланып, Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү. Каржы министрлиги эл аралык каржы уюмдарынан каражат тартуу стандарттуу тажрыйба экенин белгиледи. Ал биринчи кезекте мамлекеттик чаралардын аткарылышын камсыз кылат. Ошентип, каражат, атап айтканда, транспорттук инфраструктураны, өнөр жайды, билим берүүнү жана башка артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүүнү каржылоого жумшалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.