Ушул жылдын алты айында ата мекендик автоунаа өндүрүштүн жалпы көлөмү үчтөн бир эсеге көбөйгөн. Бул баасы 507 миллиард теңгеге барабар 51,5 миңден ашык автоунааны түзөт. Андан олуттуу үлүшүн дээрлик жеңил унаалар ээледи, 47 миң бирдикке барабар, ал эми төрт миңдейин жүк ташуучу транспорт түздү. Азыр негизинен алар Костанайдагы заводдо чыгарылат, ал жакта быйыл 33,5% өсүш байкалды. Бул дээрлик 32 миң автоунаа. Андан эки эсе аз көлөмдөгүлөр Алматыдагы заводдо чыгарылат. Ата мекендик автоөндүрүштүн калган бөлүгү Семей жана Көкшөтаудагы заводдорго туура келет. Казакстандык автобизнестин маалыматы боюнча, мекендештер арасында түштүк кореялык, америкалык, орусиялык жана кытай өндүрүшүнөн чыккан автоунааларга талап жогору. Экспорт Өзбекстан, Орусия, Беларусь жана Кыргызстанга жасалат. Быйыл анын көлөмү дароо 23% өскөн.
Которгон: Субанбек Исмакеев