Казакстанда өз
каражатын илимди өнүктүрүүгө жумшаган инвесторлорго салыктан 150% жеңилдик
берилет. Бул тууралуу Илим жана жогорку билим берүү министрлиги билдирди. Конкреттүү
механизм илимий-техникалык саясат жөнүндөгү мыйзамда каралат. Документ аяк оона
айы-тогуздун айларында көрсөтүлөт.
Парламентте талкуудан кийин 2024-жылдын биринчи жарымында кабыл алуу
пландалууда. Белгилей кетсек, жакынкы үч жылда мамлекет илимди 650 миллиард
теңгеге каржылайт, анын 9 миллиард теңгеге жакыны фундаменталдык изилдөөлөрдү
каржылоого жумшалат. Мындай изилдөөлөрдү 11 илимий-изилдөө институту иштеп чыгат.
Казакстан 2027-2028-жылдары илимди каржылоонун көлөмүн ЖИӨгө чыкканда 1%га
чейин көбөйтүү мерчемделүүдө. Белгилей кетсек, быйыл ал 0,25%ды түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков