Түндүк Казакстан облусунун инвестпотенциалы Кытай ишкерлерине тааныштырылды

Түндүк Казакстан облусунун инвестпотенциалы Кытай ишкерлерине тааныштырылды

Түндүк Казакстан облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Астанадагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинде өткөн биринчи бизнес-форумда тааныштырылды. Иш-чара эки өлкөдөн 100дөн ашуун катышуучуну бириктирди. Казакстан тарап Кытайлык ишкерлерге алардын аймагынын эмнеси менен кызыктуу экенин айтып берди. Бул өнүккөн өнөр жай тармактары, анын ичинде кайра иштетүүчү, ошондой эле эркин экономикалык аймагында иштеген жана инвесторлорду колдогон тармактар.

Канат Дүзелбаев, Түндүк Казакстан облусунун акиминин орун басары:

- Экономиканын жогорку өсүү темпи биринчи кезекте инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу. Мисалы, аймакта жалпы суммасы 1,7 млрд долларды түзгөн 51 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Акыркы үч жылда аймакка 2,5 млрд доллар инвестиция тартылды. Үч жыл ичинде реалдуу өсүү 133%ды түздү. Жыл башынан бери инвестициянын көлөмү 680 млн долларга жетти.

Хань Чуньлинь, Кытый Эл Республикасынын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Бизди кен байлыктар жаатындагы Түндүк Казакстан облусунун дарамети кызыктырат, анткени корлору көп. Биз аларды чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатабыз. Өзүбүздүн алдыңкы технологияларыбызды жана каржылык ресурстарыбызды сунуштай алабыз.

Форумдун алкагында жергиликтүү товарлардын көргөзмөсү өттү. Казакстандык өндүрүүчүлөр айыл чарба, өнөр жай жана кайра иштетүү тармактарынын мыкты үлгүлөрүн тартуулашты. Айдар Нагиметов экологиялык жактан таза өнүм – өлкөдө гана өндүрүлгөн тоют кошулмасын алып келди. Өзбекстан, Беларусь, Орусия жана Малайзия өлкөлөрү бул иштеп чыгууга кызыгуусун билдиришүүдө.

Айдар Нагиметов, «ПКС-7» мүдүрү:

- Бул тоют кошулмасын кошуу менен эттин өсүшү жогорулап, эттин сапаты бир нече эсе жакшырат. Бул белок Казакстанда өндүрүлөт. Дүйнөдө өндүрүлбөйт, бул кошулманы Казакстан гана өндүрөт, ошондуктан көптөр кызматташууну каалашат.

Ошол эле учурда Түндүк Казакстан облусунун Кытай Эл Республикасы менен болгон товар жүгүртүүсү өсүүдө. Ушул жылдын сегиз айында эле тараптар 105 миллион долларга соода алмашты. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн эки эсе жогору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков