Тараптар мамлекеттер ортосундагы, атап айтканда Рига, Вентспилс жана Лиепая порттору аркылуу иштеп жаткан транспорттук коридорду өнүктүрүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, 2022-жылы Казакстандан Рига порту аркылуу 1 миллион тоннадан ашык жүк ташылган. Вентспилс аркылуу 3 миллион тоннадан ашык көмүр жана Лиепая аркылуу 36 миң тонна алюминий куймалары жеткирилди. Ошол эле учурда Казакстан менен Латвия соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатууга кызыкдар. Маселен, статистика боюнча 2022-жылы эки тараптын соодасы 2021-жылга салыштырмалуу 3,7 эсеге өсүп, 216 миллион доллардан ашты. Жалпысынан өткөн жылдын эки кварталында Латвиядан Казакстанга келген түз чет элдик инвестициялардын жалпы агымы 22 миллион долларды түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков